Байланыштар

Программалык камсыздоонун өндүргүчтөрү (Вендорлор)

Softline – 3000 миңден ашуун программалык камсыздоону өндүргүчтөрдүн авторлоштурулган өнөгү. Компания акыркы 3 жылдын ичинде Microsoft, Citrix, Autodesk, Adobe, IBM, Symantex, “Касперскийдин лабораториясы” Oracle, Trend Micro, ABBYY, Dr. Web, SAP, Borland, Corel, McAfee, Novell, CA, ESET, Promt, VMWare, Acronis сыяктуу программалык камсыздоонун өндүргүчтөрүнүн эң мыкты өнөгү же үч эң ири өнөктөрдүн катарына кирет.

Softline IT-базарда маркетингилик ишмердүүлүктүн кеңири тажрыйбасына ээ, ошондой эле маркетингдин бай куралдарын колдонот. Буга: программалык камсыздоонун каталогдору, жылына алардын суммардык тиражы жүз миңдеген нускаларды түзөт, IT-адистери жана компаниялардын жетекчилери үчүн дайыма өткөрүлүүчү семинарлар жана башка иш-чаралар, масштабдуу телемаркетингилик кампанияларды өткөрүүгө жөндөмдүү өздүк сall-борбор ж.б. кирет. Маркетингилик куралдардын пайдубалы болуп программалык камсыздоону сатып алууда чечим кабыл алуучу процесстерде катышкан мекемелердин жетекчилеринен турган өзгөчө база, IT-адистери жана кызматташтар кызмат кылат, ушунун өзү тигил же бул ыкма менен конкреттүү программалык чечилишти алдыга жылдырууда мыкты аудиторияны тандап алууга жол берет.

Биз сиздерге биздин маркетингилик мүмүкүнчүлүктөрдөн пайдаланууну сунуш кылабыз, биздин тажрыйба жана базарды билгенибиз сиздердин компанияга жаңы кардарларды табууда жана бизнести өнүктүрүүнүн багыттарын табууда жардам берет деп ишенебиз!
Кошумча маалымат алгыңыздар келсе жана бардык суроолор боюнча Softline компаниясынын маркетингилик пландоо бөлүмүнө кайрылыңыздар: (тел. +7 (495) 232-00-23, e-mail: marketing@softline.ru).

Массалык маалымат каражаттары (ММК)жана IT-жаңылыктар

Softline ММКнын басылмалары жана интернет менен кызматташ, Программалык камсыздоонун дүйнөлүк базарынын акыркы окуяларын, компаниянын жаңылыктарын үзгүлтүксүз жарыялап турат. Индустриянын чыгааны болуп туруп, Softline Россиянын, КМШ өлкөлөрүнүн (жана кээ бир алыскы чет өлкөлөрүнүн) белгилүү окуяларынын баарына катышат. Softline коомчулук менен эриш-аркак алака жасоого багыт алган, өнөктөрдүн ар кандай сунушун кабыл алууга, идея, ыкмаларды алмашууга ачык жана даяр.

Кызматташуу маселелери боюнча жана кошумча маалымат үчүн Наталья Вьюниковага кайрылсаңыздар болот (тел.+7(495) 232-00-23, e-mail: nataliaviu@softline.ru) же Светлана Хапанковага: (e-mail: svetlanak@softline.ru).

Программалык камсыздоонун реселлерлери

Axoft компаниясы сиздерге лицензиялуу программалык камсыздоо менен жабдууну уюштуруу боюнча кызматташтыкты сунуштайт. Компаниянын өнөктүк желечеси бүгүнкү күндө Россиянын, КМШ өлкөлөрүнүн (жана кээ бир алыскы чет өлкөлөрүнүн) территориясында 2000ден ашуун ортомчулары менен көрсөтүлгөн, бул программалык камсыздоонун дистрибуциясынын индустриясында таасирдүү көрсөткүчтөрдүн бири. Axoftтун шериги болуш үчүн www. axoft.ru сайтында катталып коюп, өнөктүк келишим түзүү керек. Axoft менен иштөөнүн артыкчылыктарынын ичинде: бардык өнөктөр үчүн баалардын бирдей деңгээли; сатып алуулардын эң төмөнкү көлөмү боюнча чектөөлөрдүн жоктугу; ассортиментти дайыма толуктап туруу; жергиликтүү көрөңгөлүү кампачалары бар регионалдуу өкүлчүлүктөрдүн өнүккөн желечеси; дасыккан логистикасы; өнөктөрдү маркетингилик колдоонун өнүккөн системасы; авторлоштурулган окууну жеңилдик берүүчү шарттарда өнөктөрдү окутуунун өздүк Борбору (ЦОП); өндүрүүчүлөрдүн талабына жараша аттестацияланган компанияны адистер тарабынан дасыккан кеңеш берүүчүлүк жана техникалык жактан колдоосу; кардар керектеген өнүмдү каттамчы почта менен кепилдик берип тез жеткирүү бар.

Бардык суроолор боюнча жана кошумча маалымат керектегендер Axoft компаниясына Екатерина Елисеевага кайрылсаңыздар болот (тел.+7 (495) 232-52 15, e-mail: EkaterinaE@axoft.ru).

Байланыштар

Softline компаниясынын Башкы кеңсеси (Россия, Москва шаары):

119333 Россия, Москва ш., Губкин көчөсү, үй 8
E-mail: info@softlinegroup.ru
Тел. +7 (495) 232-00-23