| Softline ишкерлигин сүрөттөө | Ишкерликтин куруму | Кардарлар | Корпоративдик материалдар | Инвесторлорго | Байланыштар |

1981 жылы М.В. Ломоносов атындагы Москвадагы Мамлекеттик Университеттин ВМиК факультетине өтөт. 1986 жылы МГУну бүтүрүп, аспирантурага өтөт. 1989 жылдан 1992 жылга чейин Илимдер Академиясынын системасында иштейт. Физико-математикалык илимдердин кандидаты. 30 ашуун илимий иштердин автору.
1993 жылдан баштап Softline компаниясынын Генералдуу мүдүрү. 2008 жылдан баштап мүдүрлөр кеңешинин Төрагасы. Анын жетекчилиги менен компания IT-базарда маанилүү ийгиликтерге ээ болуп, Россияда программалык камсыздоону лицензиялоодо, окутууда, консалтингде чыгаан компаниялардын бири болуп калды.
Кызыкканы: философия, психология, тоо лыжасы, хоккей.

1991 жылы Москвадагы авиациялык Институттун (МАИ) “Учуучу аппараттардын электроникасы” факультетин бүтүрүп, “Радиоинженер” адистигине ээ болот. 2003 жылы РФнын өкмөтүнүн эл чарба Академиясында (АНХ) окууну “Технологиялык менеджмент” аттуу президенттик программасы боюнча бүткөн.
1999 жылы Softline компаниясына сатык боюнча менеджер кызматына келген. 2001 жылы сатык бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалат. 2003 жылдан бери Softline сатыктары боюнча мүдүр. Анын башкаруусу алдында сатык департаментинин системалык куруму түзүлгөн, программалык камсыздоону сатуу жаатында болуп көрбөгөндөй жогорку жыйынтыктарга жетишилген, анын негизинде компаниянын акча айландыруусу акыркы үч жылдын ичинде эле он эсеге көбөйдү; 2007 жылдын жыйынтыгында эле компания $292 млн. акча жүгүртүүгө жетишкен.
Руслан Белоусовдун катышуусу менен компания маалымат технологиялары базарында маанилүү ийгиликтерге жетишкен, бул болсо Softline Россиядагы программалык камсыздоону лицензиялоо боюнча эң алдыңкы компаниялардын бири болуусуна негиз түздү.
2008 жылдан баштап Руслан Белоусов Softline компаниясынын генералдуу мүдүрү.

1994 жылы М.В. Ломоносов атындагы Москвадагы Мамлекеттик Университетти «Механика, колдонмо математика» адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүрүп, «Механик» квалификациясына ээ болгон.
1994 жылдан баштап 1997 жылга чейин М.В. Ломоносов атындагы Москвадагы МГУнун Механико-математикалык факультетинин аспирантурасында окуган. Физико-математикалык илимдердин кандидаты даражасына ээ болгон. “Петр1нин медалын” алган - бул сыйлык Россиянын илимин жана экономикасын кайра жаратууда жасаган эмгеги үчүн, жаратылыш жана коомчулук илимдеринин эл аралык академиясынын Сыйээси” деп аталат. 2004 жылдын 11 майында Softline компаниясына SAP Business One боюнча ишкерликти өнүктүрүү мүдүрү кызматына келген. Softline Solutions компаниясынын генералдуу мүдүрлүгүнө 2007 жылдын ноябринде дайындалган. Анын жетекчилиги менен компания чакан жана орто ишкерликтери үчүн SAP чечилиштери боюнча Россиядагы чыгаан компания болууга жетишкен жана SAP Gold Channel Partner статусун алган.
Кызыкканы: суучулдук, атка минүү, бал бийлери.

Коми АССРнин Вуктыл шаарчасында төрөлгөн, Грозный, Ульяновск, Симферополь, Москва шаарларында жашаган жана окуган. Ульяновдогу Университетти “Экономист” адистиги боюнча бүтүргөн. Softline компаниясында 2001 жылдын март айынан баштап УЦнын менеджери кызматында иштей баштаган. 2003 жылдын январь айында окуу борборунун мүдүрүнүн кызматын ээледи. Компанияда иштеген убакыттын ичинде коллегалары менен бирдикте жок жерден окуу борборун түздү, анын жамааты бүгүнкү күндө 15 шаарда 100дөн ашуун адамды түзөт. Ишкерлик максаты: Россиядагы окуу борборлорунун ичинде эң алдыда болуу, биринчиликти дайыма кармап туруу.
Кызыкканы: бий, фотосүрөт, жөө сейилдөө.

2002 жылы К.Э. Циолковский атындагы “МАТИ” Россиялык Мамлекеттик Технологиялык Университетин аяктап, “Ракеталык кыймылдаткычтар” адистиги боюнча “Инженер” дасыгын алган. Softline компаниясында 2002 жылдын август айынан бери региондор менен иштөө боюнча менеджер. 2004 жылы РФ аймактарында ишкерликти өнүктүрүү боюнча мүдүр болуп дайындалды. Анын жетекчилиги менен регионалдык сатыктар толук кандуу бизнеске өсүп жетти: Россиянын бүткүл жергесине тараган аймактык өкүлчүлүктөрдүн башкарылчу желечеси түзүлдү.
Кызыкканы: тоодо лыжа тебүү, жигердүү эс алуу.

2001 жылы Москвадагы коммерция мамлекеттик университетинин Тышкы экономикалык иш жүргүзүү факультетин бүтүрөт, “Экономист” адистигине ээ болот. Softline компаниясында 2002 жылдан бери ири корпоративдүү кардарлар менен иштөө боюнча менеджер. Анын жетекчилиги астында бөлүм өзгөчөлөнгөн подразделениеге айланган, кызматкерлердин саны 60% ашуунга көбөйдү. Ушул тапта ири корпорациялык кардарлар менен иштөө боюнча Департамент өзүнүн иш-аракетин төмөнкү багыттар боюнча өнүктүрүп жатат: өнөр жайы, каржылык сектор, телекоммуникация, Retail жана FMCG сектору, мамлекеттик сектор жана глобалдуу заказ берүүчүлөр.

1996 жылы Москвадагы энергетикалык институтту “Колдонмо математика” адистиги боюнча бүтүргөн, физико-математикалык илимдердин кандидаты илимий даражасына ээ. Softline компаниясында 2000 жылдан баштап иштейт. Программалык камсыздоону элге таанытуучу илимий программалык камсыздоо бөлүмүндө иштеген. 2004 жылдан баштап – жаңычыл долбоорлордун департаментинин мүдүрү. Департамент эки негизги багыт боюнча иштейт: келечеги бар долбоорлорду ишке киргизүү жана өнүктүрүү, ошондой эле Softline компанияларынын топторунун бөлүмчөлөрү үчүн интернет-долбоорлорду түзүү, рекламалык акцияларды жүргүзүү.

2006 жылы М.В. Ломоносов атындагы МГУнун Географиялык факультетин бүтүргөн, “Экономикалык география” адистигине ээ болгон. Softline компаниясында 2004 жылдын февраль айында маркетинг боюнча менеджер кызмат ордунда иштейт баштаган. 2006 жылы Allsoft.ru Интернет-дүкөнүнүн мүдүрү кызматын ээлеген. Негизги жетишкендиктерин Allsoft.ru долбоорунун өнүгүшү менен байланыштырат. Кызыгууларынын ичинен саякаттоону, китеп окууну, йоганы айрыкча жакшы көрөт, өз үй-бүлөсү жана достору менен бирге убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгүн абдан баалайт.

1982 жылы Томск шаарындагы мамлекеттик унивеситетти бүтүрүп, “Кибернетика” адистиги боюнча техникалык билимге ээ болгон. 1996 жылы Камадагы политехникалык иституттута менеджмент (Экономика жана башкаруу) багытында окуп, “Менеджмент бакалавры” квалификациясын алган. 1999 жылы РФнын өкмөтүнүн алдындагы Эл Чарба Академиясынын каржы менеджментинин Жогорку мектебин бүтүргөн. Softline компаниясында ишти 2003 жылы башкы бухгалтер болуп баштаган. Ал кезде компанияда эки гана каржылык багыт: бухгалтерия жана пландоо- экономикалык бөлүмү бар болчу. Анын башкаруусу менен каржы департаменти түзүлгөн, ал он бөлүмдөн турат, анда иштеген кызматкерлердин саны он эседен ашып көбөйдү. Softline компаниясында иштеген беш жылдын ичинде компаниянын башкаруу каттоосун, бюджеттөөнү, каржылык алдын ала божомолдоону, дебитордук карыздарды жана кредиттик мүмкүнчүлүктөрдү башкарууну киргизүүнү уюштурду. Ушул кезде Softlineдын МСФО стандарттарына отчеттуулугун трансформациялоо маселелерин жана батыштагы аудиторлордун отчеттуулукту текшерүү маселесин чечип жатат. Турмуштагы башкы жетишкендик деп үй-бүлөсүн жана кызын, ишкерликте болсо – өз мүмкүнчүлүктөрүн турмушка ашыра алганын эсептейт. Бош убактысында саякаттоого кызыгат.

2000 жылы М.В. Ломоносов атындагы МГУну бүтүргөн, социолог дасыгына ээ болгон, “Социология” адистиги боюнча сабак берет. Softline компаниясында 2003 жылдан баштап иштейт. Маркетинг боюнча менеджер кызматынан баштаган. Азыркы убакта Softline компаниясынын маркетинг департаментин башкарат.
Кызыкканы: спорт, футбол, Сербия.

2003 жылы И.А. Бунин атындагы Елецтеги мамлекеттик университетти бүтүргөн. Россиянын илимдер Академиясында мамлекет жана укук Институтунун аспирантурасында ичтен окуу формасы боюнча окуган. Окуунун акыркы жылында “Маалыматтык согуштарга каршы туруунун укуктук каражаттары” темасында диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Softline компаниясында 2007 жылдан баштап иштейт. Юридикалык бөлүмдүн жетекчиси кызматынан баштаган, юридикалык департаментти түзүүнүн башатында турган, азыр да ушул мекеменин мүдүрү. Анын башкаруусу менен юридикалык департаменттин системалык куруму түзүлгөн, Softline компаниясынын жаңы ишкер-багыты болгон Softline Legal Support иштелип чыгып уюштурулган, ал кардарларда программалык камсыздоону башкаруунун технологиясын киргизүүдө иштейт (SAM - Software Asset Management), ушул процесстерди киргизүүнү укуктук жактан колдойт, ошондой эле программалык камсыздоону пайдалануу жаатында юридикалык кеңештерди сунуштайт. Жумуштан бош убактарда кесиптик, көркөм жана илимий адабиятты окууга кызыгат жана музыканы жакшы көрөт.

1994 жылы Н. Э. Бауман атындагы МВТУнун Информатика жана башкаруу системалары факультетин артыкчылык менен бүтүрүп, “Электрондуу эсептөөчү машиналардын инженер-системотехниги” адистигин алган. Softline компаниясына 2003 жылы Microsoftтун чечилиштер Борборунун мүдүрү болуп келген. Анын жетекчилиги алдында борбор Softline Solutions Services департаменти болуп кеңейди, ушул кезде системалуу косалтингге адистештирилген компания болуп өстү.

1983 жылы Н. Э. Бауман атындагы МВТУнун Приборлорду куруу факультетин бүтүрүп, “Электрондук эсептегич машиналар” адистигин алган. 1995 жылдан тартып 1998 жылга чейин International Association for Continuing Engineering Education (IACEE) Мүчөсү болгон. AS/400 багыты боюнча дасыгын жогорулаткандыгы тууралуу IBMдин бир топ тастыктамаларын алган. Softline компаниясында 2002 жылдын ноябрынан бери NIIT долбоорунун менеджерлик кызматында иштей баштаган, кийинчерээк аймактык билим берүүчү долбоорлордо мүдүрдүн орун басары болуп иштеген. 2004 жылдан бери Softline билим берүүчү долбоорлорун өнүктүрүү боюнча мүдүрү болуп иштейт. Softline компаниясында иштеген мезгилдин ичинде Индиянын маалымат технологиялары Улуттук институту менен биргелешкен долбоорду ишке ашырган. Анын жетекчилиги менен Россиянын жана КМШнын шаарларында NIIT борборлору ачылган. Академиялык программалар боюнча өндүргүчтөр менен мамилени өнүктүрүү; Россияда жана КМШнын шаарларында Microsoft IT Academy долбоорун колдоо ( ушул кезде 250 академия ачылган, жакынкы үч жылдын ичинде 700-1000 академияга жеткирүүнү көздөп жатышат) иштери менен алектенүүдө.
Кызыкканы: фотосүрөт, велосаякатка чыгуу, лыжа тебүү, музыка.

1997 жылы Ульяновскидеги Мамлекеттик Техникалык Университетти “Машина куруу технологиясы” адистиги боюнча бүтүргөн. Softline компаниясында 2008 жылдын февраль айынын ортосунда сапат боюнча мүдүр кызматында иштей баштаган. Дмитрийдин пландарына менеджмент системасын түзүү кирет, бул бөлүмчөлөрдүн жана менеджерлердин өз ара алакаларына, компаниядагы ишкер-процесстерди жакшыртуу максатында тышкы жана ички кырдаалдарга жараша жооп кайтаруучу менеджмент системасы болмокчу. Кошумча жумуш – бул ISO 9001:2000 талабына дал келген эл аралык органдардын биринде курулган системаны сертификациялоо, аны менен ар убакта жана ар кандай жерде Softline да башкаруу жогорку деңгээлде курулган жана иштеп жатат деп далилдесе болот.
Кызыкканы: автомобилдер, саякаттар, үй-бүлө менен эс алуу, китеп окуу, токойдо лыжа тээп сейилдөө. Жаңы билимдерди иш жүзүндө колдонууну жакшы көрөт.

2003 жылы К.Э. Циолковский атындагы “МАТИ” Россиялык Мамлекеттик Технологиялык Университетин бүтүрүп, “РЭАнын инженер-конструктору” деген адистикти алат. Softline компаниясында 2002 жылдын декабрь айынан баштап Media-инженер кызматында иштеген. 2007 жылдын октябрь айында Softline компаниясынын техникалык мүдүрү болуп калды. Башкы жетишкендиги – жаңы технологиялардын чокусун таап, аны компаниянын ичине киргизүү жолу менен компаниянын ылдам өнүгүүсүн колдогону. Алдыдагы максаттары: ошол эле багытта алдыга жылуу жана ишкер-процесстерди автоматташтыруу.
Кызыкканы: спорт, кино, музыка, автомобилдер, саякаттар.
1985-жылы Москва Гидромелиоративдик институтун (азыркы табигатты жайгаштыруу Академиясы) аяктаган, адистиги боюнча инженер технолог. 1992-жылы аспирантураны аяктаган. Ойлоп табуучулугу боюнча бир катар патенттери жана күбөлүктөрү бар. 1996-жылы персонал боюнча менеджер адистиги боюнча Москва менеджмент академиясын аяктаган. Softline компаниясынын тобуна иштегени 2011-жылы февралда келген. Негизги максаты – компанияны IT рыногунда алдыңкы орунда ээлөөгө мүмкүндүк берген персоналдарды башкаруу тутумун колдоо, компанияга мыкты кызматкерлерди тартуу үчүн Softline HR-брендин түзүү жана колдоо.
Кызыгуусу: эл аралык шашкилер (кмс), кинология, саякаттоо.