| Softline ишкерлигин сүрөттөө | Ишкерликтин куруму | Кардарлар | Корпоративдик материалдар | Инвесторам | Байланыштар |
Softline (www.softline.ru) маалымат технологиялары жаатында 1993 жылдан бери иштейт, программалык камсыздоону лицензиялоо, окутуу жана консалтинг боюнча баштооч орундарды ээлейт. Softline Россия Федерациясынын IT- базарында эң ылдам өсүп келаткан он компаниясына кирет. Softline дүйнөгө белгилүү өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы маалымат бергич жана авторлоштурулган өнөгү болуп эсептелет, ал Microsoft Gold Certified Partner, Microsoft Large Account Reseller, Symantex Platinum Partner, Citrix Platinum Solution Advisor, Elite McAfee Value Added Reseller, Computer Associates Premier Partner, Oracle Certified Partner ж.б. статустарга ээ.
«Аксофт» дистрибьюторлук компаниясы (www.axoft.ru) 4000 миңден ашуун ортомчулары бар желече менен иштейт. Компания программалык камсыздоонун 400дөн ашуун өндүргүч-компанияларынын маалымат коюучусу жана дистрибьютору болуп эсептелет, алардын ичинде Microsoft, Oracle, Symantec, McAfee, Trend Micro, GFI, Borland, Red Hat, Computer Associates, Novell, Adobe, Quark, Corel, ABBYY, «Касперскийдин лабораториясы», ПРОМТ ж.б. бар. «Аксофт» Россиянын шаарлары - Москвада, Воронежде, Санкт-Петербургда, Архангельскте, Калининградда, Нижний-Новгороддо, Ростов-на-Донуда, Краснодарда, Волгоградда, Самарада, Уфада, Казанда, Ижевскиде, Пермде, Екатеринбургда, Челябинскиде, Тюменде, Омскиде, Новосибирскиде, Барнаулда, Красноярскиде, Иркутскиде, Хабаровскиде, Владивостокто жана Жакынкы Чет өлкөлөрдө – Украинада, Белоруссияда, Азербайжанда, Казакстанда, Кыргызстанда, өзбекстанда, жана Монголияда өкүлчүлүктөр тармагына ээ.
Allsoft (www.allsoft.ru) - ПКнын Интернет-дүкөнү, ал үйдөгү кардарлар жана чакан ишкерлик жүргүзгөн уюмдар менен иштейт, Россиялык, Украиналык, Казак, өзбек Интернеттерине дайын.
Техникалык жактан колдоо борбору жана ИТ-аутсоринг Softline (www.sl-support.ru) – бул IT-адистеринин мыкты дасыккан техникалык командасы, алар кардарлардын маселелерин ылдам жана натыйжалуу чечип берет. Техникалык жактан колдоо Борбору ар түркүн тейлөөлөрдү жүргүзөт, ал программалык туундуну техникалык колдоодон баштап, IT инфраструктураны толук куруп бүтүрүүдө акыркы жумуш тизмегине чейин жана IT аутсорсингди аткарат.
Softline (http://edu.softline.ru/) - Microsoft, Citrix, Chek Point, Symantec, Autodesk, Computer Associates, McAfee, Trend Micro, Cisco жана «Касперскийдин лабораториясынын» авторлоштурулган окуу борбору, ал IT-адистерге жалпысистемалуу программалык камсыздоо жана инфраструктуралык технологиялар боюнча кеңири, ар түркүн курстарды сунуштайт. Окутуу борборунун алкагында Thomson Prometic, MOS тестирлөө борбору да иштейт.
Softline IT Academy (www.it-academy.ru) - жогорку окуу жайлары үчүн түзүлгөн академиялык программа, бул маалымат технологиялар боюнча өзүнүн студенттерин эң жогорку сапаттагы заманбап окутууну көздөгөн ЖОЖдорго сунушталат. Ушул программа буга кызыккан Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунун бардыгы үчүн ачык. Softline IT Academy болсо Microsoft IT Academy программасы боюнча Microsoftтун өнөгү.
Softline e-learning (http://edu.softline.ru/elearning.php) – жаңы маалымат технологияларынын жана мультимедиа системаларынын негизинде аралыктан туруп окутуу. Softline Окутуу борборунун курсун өздөштүрүп, сиздер тандап алган мезгилдин ичинде аралыктан туруп окуу системасына жол аласыздар. Материалды өздөштүрүп бүткөндөн кийин, сиздер курстун жүрүшүндө алган билимди тестирлеп көрсөңүздөр болот.
Softline solutions болсо Microsoft Dynamics CRM жана SAPтын чечилиштери боюнча орто жана чакан ишкерликтери үчүн консалтингдик тейлөөлөрдү аткарат. Компания жараткан www.BusinessOne.ru жана www.MSCRM.ru, сайттарынан сиздер ишкерликтин натыйжасын маалымат технологияларынын жардамы менен жогорулатуу жана кардарлар менен жетик алака түзүү маселелерине жооп таба аласыздар.
Softline Consulting Services (www.slconsulting.ru) корпоративдүү байланыштардын заманбап каражаттарынын системаларын киргизүүгө, ири корпоративдүү кардарлар үчүн маалыматты башкаруусуна жана өз ара маалымат алакаларын түзүүсүнө адистештирилген. Softline Consulting Services сунуштаган чечилиштер бизнес-процесстердин өндүргүчтүгүн жогорулатууга максат койгон, алар универсалдык байланыштарды жана ийкем кыймылдуу жол ачылыштарын (United Communications&Mobility), биргелешип иштөөнү (Collaboration) жана маалымат башкаруу боюнча технологияларды (ECM)өзүнө камтыйт.
Softline (http://consulting.softline.ru/security.php) - маалыматтын коопсуздугун камсыздаган комплекстүү системаларды куруу боюнча ар түркүн тейлөөлөрдү жана долбоордук чечилиштерди ишке ашырат, алар: ачык байланыш каналдары (веб, почта, кыймылдуу алып жүрүүчүлөр ж.б.) аркылуу конфиденциалдуу маалыматтын сыртка чыгып кетпөөсүн; Интернетке кирүүнүн жабыктыгын коргоону; мекеменин маалымат кампасына кирүүгө жасалган желелик чабуулдардын жолун тосууну; корпоративдүү Интернет-порталды жана e-Commerce сайтын коргоону; антивирустук коргоону жана спамдан коргоону; конфиденциалдуу маалыматка санкциясыз кирүүдөн жашырып сактап калууну камсыз кылат.
Softline Employment (www.it.softline.ru) кадрдык консалтингдин тейлөөлөрүнүн бардык түрүн аткарат. Студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн такшалдыруу иштерин, практикаларды уюштурат, IT-департаментке кадрларды тандайт, IT-адистерин тестирлейт жана окутат, кызматкерлерди орунтуктоо үчүн иш-чараларды иштеп чыгат, аутстаффинг (кызматчыны компаниянын штатынын сыртына чыгаруу) жана кызматчылардын лизинг боюнча ишин аткарат.
Softline Legal Support (www.sam-audit.ru) – Softline компанияларынын тобунун бөлүмчөсү, ал программалык камсыздоону башкарууну укуктук жактан колдоого тейлөө кызматын көрсөтөт – Software Asset Management (SAM) булар: программалык камсыздоонун аудити, программалык камсыздоону башкаруунун стратегиясын иштеп чыгуу, программалык камсыздоону башкарууну укуктук жактан коргоо.
Софт@Mail.Ru (http://soft.mail.ru) – россиялык Интернеттеги маалымат технологияларына арналган Интернет-кампа, ал россиялык интернеттеги акысыз жана шарттуу-акысыз программалардын каталогдорунун эң белгилүүсүнүн бири, Mail.Ru компаниясы менен биргелешкен долбоор.
Exponenta.ru (http://exponenta.ru) – билим берүүчү математикалык сайты – билим алуучу жана илимий иштерде математикалык пакеттерди колдонуучулардын бардыгы үчүн бирдиктүү онлайн-мейкиндик.
Daripodarki.ru (http://daripodarki.ru) белектер сертификаттарынын Интернет-дүкөнү, корпоративдүү кардарлар, ошондой эле жеке бейнелер үчүн белектер базарында белектер сертификаттарынын тармагында иштейт.
GameDep.ru (http://www.gamedep.ru) - ойномо кошмолору жана ПК үчүн Интернет-дүкөнү – ойноо багытындагы чечүүчү долбоор, оюндардын онлайн-дистрибуция системасын алдыга жылдырууну иштеп чыгуу боюнча багытты мындан ары өнүктүрүүдө негиз болуп берет.
XboxRussia.ru (http://xboxrussia.ru) – бул Xbox360 ойномо-кошмосун колдонуп ойноочуларынын расмий россиялык онлайн-коомчосу.