Регионалдык өнүгүү

Softline туруктуу түрдө өнүгүүдө жана ишкерлигин кеңейтүүдө. Биз кардарларга алымдуу болууга умтулабыз, кызматташтыкты жөнөкөй жана ыңгайлуу түзүүгө аракеттенебиз. Ошондуктан Softline компаниясынын аракеттери Москвадагы башкы кеңсенин иши менен эле чектелип калбайт. Сатыктын көлөмүн көбөйтүп, сунуш кылынган тейлөө кызматынын санын көбөйтүп жана сапатын жакшыртып, биз Россиянын аймактарында, КМШ өлкөлөрүндө (жана алыскы чет өлкөлөрдө) иш жүргүзүүнү кеңейтүүдөбүз.

2011-жылдын башында Softline компаниясынын ишмердүүлүгү Россиянын аймагындагы 35 өкүлчүлүк, о.э. Беларус, Украина, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркменистан, Грузия, Молдовада офистери жана чет өлкөлөрдө: Монголия, Туркия, Вьетнам, Венесуэла, Румыния, Аргентина, Колумбия жана Малайзияда өкүлчүлүктөрү менен камсыздалат.

Биздин ар бир өкүлчүлүктөн сиздер ала аласыздар:

  • Компаниянын IT-тапшырмаларына эффективдүү чечим алуу;
  • Лицензиялуу программалык камсыз кылууларды алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу.
  • Биздин сертификациясы бар адистерибизден квалификациялык тейлөө жана сапаттуу колдоо алуу.
  • Softline окуу борборунда квалификациясын жогорулатуу.
  • IT- адистер үчүн акысыз семинарларга жана вебинарга катышуу.
  • Softline-direct каталогунун жаңы номерин алуу.
Softline в регионах