Softline компаниясынын тарыхы жана өнүгүүсү
- 1993 – Softline компаниясын түзүү
Кызмат орду 10 адам, компаниянын негизги иш-аракети – илимий программалык камсыздоо менен жабдып туруу.
- 1995 – Softline компаниясынын алгачкы статусу
Компания Mikrosoftтун авторлоштурулган өнөгүнүн статусун алды. Жалпысистемалык программалык чечилиштер менен жабдуу, өз ишкерлигинин юридикалык тазалыгын сактоону көздөгөн уюмдардын компьютерлер паркындагы программалык камсыздоону лицензиялоо.
- 1998 – Алгачкы ийгиликтер
Жылына $ 1,5 млн акча айлануусуна жетишилди. Кызмат орду 35 адам. Маркетингилик жаңы ойлоп табуулар жаралды.
- 1999 – Softline программалык камсыздоонун каталогун чыгарды
Softline-Direct программалык камсыздоонун каталогу Россиянын жана КМШнын маанилүү компьютердик көргөзмөлөрүндө, ар түркүн конференцияларда жана семинарларда, IT-компаниялардын кеңселеринде пайда болду да IT-коомчулугунда тез эле таанылып кетти.
- 2001 – $ 5,4 млн акча айланды
Жаңы маркетингилик долбоор – бул акысыз семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу. Softlineдын Окутуу борбору ачылды. Дистрибьюторлук ишкерлик шар өнүктү. Аймактык желече өнүгө баштады – алгачкы аймактык өкүлчүлүк Беларуста (Минск) ачылды.
- 2002 – $ 10,3 млн акча айланды
Аймактык өкүлчүлүктөрдүн өнүгүү жылы болду – жаңы кеңселер Киевде, Хабаровскиде, Нижний Новгороддо ачылды.
- 2003 – $ 17,2 млн акча айланды
Компания жаңы базарларды өздөштүрө баштады – Softline Solutions консалтинг компаниялары ишке кирди.
- 2004 – $ 27 млн акча айланды
Softline жана Microsoft биргелешкен мекемеси – Microsoftтун чечилиштер Борбору ачылды. AXOFT дистрибьюторлук компаниясы базар мейкинине чыга баштады. Softline Казакстанда (Алматы) жана өзбекстанда (Ташкент), Новосибирскиде жана Екатеринбургда өкүлчүлүктөрдү ачты.
- 2005 – $ 44,9 млн акча айланды
IT-консалтинг багытынын өнүгүүсү башталды – Softline Consalting Services бөлүмчөсү ачылды. Кадрдык консалтинг Softline IT Employment бөлүмчөсү пайда болду. Ростов-на-Донуда, Санкт-Петербургда, Самарада, Уфада жана Бишкекте (Кыргызстан) жаңы өкүлчүлүктөр ачылды.
- 2006 – $ 97,7 млн акча айланды
Компания программалык камсыздоону лицензиялоо базарында Россия жана КМШда биринчи орундарды ээледи. Россия жергесин жана КМШны толук камтыды: мында 8 өлкө, 22 шаар бар эле. Softline кардарлар үчүн тейлөөлөрдүн жаңы түрлөрүн өнүктүрдү: техникалык жактан колдоо, IT-аутсорсинг, программалык камсыздоонун аудити. Компанияда 600дөн ашуун кызматкер иштеп жатты.
- 2007 – $ 292 млн акча айланды
2007 жыл Softline негизделген күндөн берки эң ийгиликтүү жыл болду. Компания Россияда, КМШ өлкөлөрүндө (жана кээ бир алыскы чет өлкөлөрдө) программалык камсыздоону лицензиялоонун базарында жемиштүү өнүгүүнүн 15 жылдыгын белгиледи. Ишкерликтин чектери: 10 өлкө, 32 шаар болду. Бул кызматта 1000ден ашуун адам иштеп жатты. Softline – эл аралык масштабдагы IT-компания, ал Россиянын бүткүл территориясында, КМШ (жана алыскы чет өлкөлөрдө) программалык камсыздоону лицензиялоо жаатында, окутуу жана техникалык колдоо жагынан эң зор IT-долбоорлорду өткөрө алат!
- 2008 – $ 364 млн акча айланды
2008-жыл – регионалдык өкүүлчүлүктөрдүн тармагын кеңейтүү, Россия, Казакстан, Беларус офистеринин ачылышы, алыскы чет өлкөдө Softline бизнесинин ийгиликтүү өнүгүшү, Туркияда (Стамбул) офис ачылат, Венесуэла менен Вьетнамда офистер иштерин башташат. Бизнестин географиясы: 13 мамлекет, 48 шаар. Штатта 1300 дөн көп кызматкер. Softline Окуу борборунда жаңы багыт пайда болот – аралыктан окутуу. Softline – бир гана Россия жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында эмес, бир катар алыскы чет мамлекеттерде ПКК лицензиялоо, окутуу жана техникалык колдоо тармагындагы ири IT-долбоорлорду жүргүзө алган эл аралык масштабдагы IT-компания.
- 2009 – $ 290 млн акча айланды
2009-жыл – Softline бизнеси ар кайсы тараптан активдүү өнүгүп баштайт. Softline Venture Partners- венчурдук фонду Actio и bookee компанияларынын программалык иштеп чыгууларын өнүктүрүүгө каражат инвестициялаган. Екатеринбургда жана Москвада Softline Linux Solutions борборлору, web-коммуникациялар боюнча компетенция борбору ачылган. Softline маалыматтык коопсуздук борборунда жеке маалыматтарды жана DLP коргоо боюнча жаңы багыттар пайда болду. Softline Solutions да Oracle CRM Департаменти ачылды. Россия жана КМШ маалыматтык технология рыногуна өздөрү иштеп чыккан DeskWork корпоративдик порталы - Softline Consulting Services пайда болду. Россия менен чет мамлекеттерде Softline катышуусу күч алды: Сургутта, Пензада, Ставрополдо, о.э. Брестте (Беларус) өкүлчүлүктөр пайда болду, Венесуэла менен Вьетнамда офистер ачылды. Бизнестин георафиясы: 16 мамлекет, 57 шаар. 2009-жылдын аягына кызматкерлердин штаты – 1500 дөн ашык адамга жетти.
- 2010 – $ 456 млн акча айланды
2010-жылы компания Румыния, Аргентина рыногуна чыгат, о.э. Россиянын аймагында бир катар өкүлчүлүктөр ачылат. 2010-жыл – Softline Тейлөөлөрдүн жана чечимдердин Департаментинин билим жылы. (services.softline.ru). Департаменттин негизги милдети – бардык IT- багыттар боюнча толук тейлөө спектрин берүү: техникалык колдоо, аутсорсинг, консалтинг, Маалыматтык коопсуздук боюнча кызмат, виртуалдык IT-чөйрөнү куруу, CAD-тутум ж.б. Softline Cloud Services SaaS чечимдер дүкөнүн ачат.