Ишкерликтин багыттары
Softline компаниясы программалык камсыз кылуу рыногунда 1993-жылдан бери иштейт. Учурда биз маалыматтык технология рыногундагы бул сегментте чыгаан компаниябыз. 2010-каржы жылы компаниянын айлануу жыйындысы 456 млн. долл. түздү. Бүгүн Softline компаниясына 1700 кызматкер жана дүйнө жүзү боюнча 65 өкүлчүлүктөрү бар.
Адистешүү
Эффективдүү IT-чечимдер жана тапшырыкчынын IT-инфраструктурасынын өнүгүү, колдоо, оптималдаштыруу, куруу боюнча тейлөөлөрдүн толук спектри. Softline га кайрылаарыңыздар менен сиз жеке менеджер менен иштеп баштайсыз, ал кирүүнүн жалгыз чекити болуп, сиздин компания менен кызматташууга жооп берет.
Биз билебиз:
- IT-инфраструктурасынын ишин эффективдүү кылганды;
- IT-инфраструктураны ички жана тышкы коркунучтардан коргоону;
- ПКК жана жабдууларды туура иштеткенди;
- Компаниянын IT-активдерин үнөмдөөнү;
- Эл аралык стандарттардын талаптарына туура келүүнү;
- IT- рыногунун технологиясынын жана жаңылыктаран кабардар болууну.
Softline менен сиз төмөнкү тармактарда толук кеңеш жана оптималдуу чечимдерди таба аласыз:
- Виртуалдаштыруу, анын ичинен SaaS, IaaS чечимдери;
- Маалыматтык коопсуздук;
- Microsoft компаниясынын өнүмдөрү жана жабждуулары;
- Инженердик өнүмдөр жана САПР/ГИС багыттары;
- Бизнес консалтинг, анын ичинде CRM жана ERP чечимдери боюнча;
- Эркин ПКК жана Linux базасындагы чечимдер;
- Программалык активдерди башкаруу жана SAM жабдуулары.
О.э. сиздердин карамагыңыздарда 3000 ден ашык вендорлордун программалык камсыздоосунун кеңири ассортименти, техникалык, юридикалык колдоолор боюнча тейлөөлөр, аутсорсинг бар.
Ишкерликти жүргүзүүнүн принциптери:
- Чыгаандык
Биздин бизнестин негизги багыттарында чыгаан компания болуу. Эгерде биз иш жүргүзө турган болсок, ошол тармактын чыгааны болушубуз керек жана ишти атаандаштардан мыкты жана кылдат жүргүзүшүбүз керек;
- Шайдооттук жана жаңычылдык
Softline – тынымсыз өсүп бараткан жаңычыл компания. IT-рыногунда жаңы табылгаларсыз иштөө мүмкүн эмес. Изилдөө жана долбоорлук иштерге эң ири инвестициялар берилет;
- Ишенимдүүлүк,туруктуу өнүгүү жана чынчылдык
Кардарлар, маалымат берүүчүлөр, кызматташтар менен чынчыл, таза жана ишенимдүү өнөктүктү түзүү. IT-рыногу – бул узакка созулуучу алакалардын рыногу;
- Маркетинг
Рынокта активдүү (кыймылдуу) турумду кармануу. Биздин кардарлардын талабынын тилин табууга багыт алуу.
- Эффективдүүлүк жана мотивдешүү
Эффективдүү кызматкерлер үчүн мыкты өнүгүү шарттары.
- Социалдык жоопкерчиликтүү бизнес